Эсептик бетэсеп
Көрүнүш
Эсептик бетэсеп – юридикалык жактын же жеке ишкердин банктын катышуусу менен баардык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү банктык бетэсеби. Түздөнтүз өздүк менчик жүгүртүм каражаттары жана өзалдынча балансы бар уюмдар (же ишкерлер тарабынан юридикалык жактарды түзбөстөн туруп) тарабынан коммерциялык банктарда ачылат. Уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү (өздөрү жайгашкан жерлердеги банктарда) эсептик суббетэсептерди ача алышат. Э. б. эреже катары, келишимге ылайык банктар пайыздарды чегерип туруучу «талап кылынуу менен» алынуучу депозиттерге кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7