Эскиз

Википедия дан

Эскиз (французча  esquisse) – көркөм сүрөт искусствосунда – чоң иштин алдында анын идеясын негизги композициялык каражаттар менен чагылдырган даярдык; сүрөт шилтемдери түрүндөгү көмөкчү мүнөздөгү көркөм чыгарма. Орчундуу картина же скульптураны иштеп чыгуудан мурун сүрөтчү абдан көп эскиздерди жасайт жана аларда өзү каалаган иштин структурасын иштеп чыгат же издейт. Э-дин техникасы жана көлөмү ар түрдүү болот. Ал карандаш менен тез шилтей салган сүрөттөмө же толук иштелип чыккан «материалдагы» композиция да болушу мүмкүн. Ар бир толук кандуу Э. сөзсүз түрдө сүрөтчү ойлогон чоң иштин негизги идеялык образдык мазмунунан түшүнүк берип туруш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]