Мазмунга өтүү

Эскинин калдыктарын колдонуу методу

Википедия — ачык энциклопедия

Эскинин калдыктарын колдонуу методу (усулу) – этнологияда калктын өткөндөн калган салттарын ар тараптан, комплекстүү түрдө иликтеп, изилденип жаткан элдин турмуш шартынын жана маданиятынын алгачкы абалын калыбына келтирүүгө багышталган изилдөө ыкмасы.

Усулдун негизги идеясы боюнча ар бир элдин маданиятында эскинин калдыктары сакталып калат, ошол элементтер аркылуу тарыхый өнүгүүнүн алгачкы этаптарында кандай абалда болгондугун билүүгө болот.

Бул усулдун негиз салуучуларынын бири Э.Тайлордун пикири боюнча эскинин калдыктары төмөндөгү үч маанинин бирине ээ болушу мүмкүн:

  • 1) тарыхый өнүгүүдө өзгөрүлбөгөн калдыктар;
  • 2) жаңы шарттарга ыңгайлашуу процессинде өзгөргөн көз караштар жана салттар;
  • 3) кайра жаралган салттар жана түшүнүктөр.

Аталган методду колдонуу менен Ж.Мак-Леннан үйлөнүү салтында сакталып калган колуктуну символикалык уурдап качуу мисалында нике жана үй-бүлөнүн алгачкы тарыхын изилдеген. Ушундай эле жол менен Л.Морган байыркы никенин формаларын калыбына келтирген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.