Эстетикалык түшүнүктөр

Википедия дан

Эстетикалык түшүнүктөр "Манас" эпосунда . "Манас" эпосунда элдин көп кылымдык дүйнөнү туюу, таанып-билүү тажрыйбаларынан келип чыккан эстетикалык түшүнүктөр чагылдырылган. Кыргыз эли көп кылымдык тарыхый жолунда түрдүү турмуштук шарттарды башынан кечирип, албан түркүн тарыхый кырдаалдарга дуушар болуп, өзү дүйнөнү кабылдоосу, күлүк кыялдарын, мифологиялык түшүнүктөрүн жаратылышка жана турмушка болгон көз караштарын ушул улуу эпосунда сактап келген.

Ар бир тарыхында, эркиндик, көз карандысыздык үчүн күрөш элдин жаркын турмушка, жаркыраган келечекке умтулуусунун белгиси болгон. Бул тема "Манас" эпосунда эпосту баштан аяк тепчип өтөт. Ч. Айтматов: "Байыркы доордо, дүйнөлүк маданияттын кербен жолунан алыста, обочодо" айрыкча тарыхый шарттар менен, өзүнчө бир аймак менен чектелген кырдаалда жаралган бул эпос бизге эмнеси менен кандай асыл заты менен баалуу? Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл "кан тамырын" аралап өткөн идея — адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп олтурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. "Манас" эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу" (Ч. Айтматов. Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. Сагымбай Орозбаков, 1. 9). "Манас" эпосунда Жер, Ата журт, Мекен жөнүндөгү асыл, бийик сезимдер да дал ушул идея менен бекем байланышкан. Жалпы эле чыгарманын мазмунунан, каармандардын аракетинен ачык байкалган баатырдык, эрдик, элге, жерге деген сүйүү, достук, бирде каармандык, бирде асылдык катары сүрөттөлөт. Мындай көрүнүштөр, түшүнүктөр асыресе негизги каармандарды — Манас, Семетей, Сейтекти жана башкалар сыпаттоодо даана байкалат. Маселен, Манаска карата колдонулган "айкөл", "кабылан", "арстан", "асыл" деген сыяктуу сыпаттардан анын асыл баатырдык сапаттары ачык көрүнүп турат. Ошол жоокерчилик заманда жоо менен тынымсыз кармашуулар мезгилинде Манасты ушундайча сүрөттөө жоокер элдин идеалын чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4