Эталондор

Википедия дан

Эталондор - физикалык чоңдуктардын бирдигин кайрадан тактоону жана сактоону камсыз кылуучу, ошондой эле анын ченин өлчөөнүн башка каражаттар менен берүүчү өлчөө каражаты же анын комплекси.

Эталондордун тактыгы өтө жогорку талапка байланыштуу Эталондорду түзүү, сактоо жана колдонуу лабораторияларында атайын иштетүү жана изилдөө талап кылынат. Бирдиктерди эл аралык унификациялоо үчүн эл аралык Эталондор, ал эми айрым өлкөлөр үчүн улуттук Эталондор түзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө Эталондор биринчилик, атайын жана экинчилик болуп бөлүнөт. Биринчилик Эталондор өлкөдөгү берилген бирдиктин өтө тактыктагы үлгүсүн, ал эми атайын Эталондор биринчилик Эталондор колдонулбагая өзгөчө шарттагы бирдиктин (жогорку же өтө төмөнкү температура, басым ж. б.) үлгүсүн кайра алууда, экинчилик Эталондор бирдиктерин чеыдерин өлчөөнүн үлгү каражаттары менен, ошондой эле өлчөөнүн өтө так иштөөчү каражаттары менен аткарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4