Этек кир (айыз, менструация)

Википедия дан

Этек кир (айыз, менструация лат. mensis — ай) — аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан.
Менструацияны борбордук нерв системасы (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт.

  • Гипоталамус — ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат — нейрогормондорду бөлүп чыгарат.
  • Гипофиз өзү да ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс (энелик) бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат.

Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен энелик клеткалуу фолликул өсүп, жетилет. Фолликул өсүү мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди) бөлүп чыгарат. Фолликул жетилип жарылат да, андан энелик клетка чыгат (овуляция). Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон гормонун бөлүп чыгаруучу сары денече пайда болот. Эстрогендердин жана прогестерондун таасиринен жатындын былжыр катмары калыңданат, анын кан тамырлары кеңейип, канга толот. Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик клетка өлүп, сары дененин функциясы азайып, акыры токтойт. Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон жана борпоң былжыр кабык ажырап, кан агуу (менструация) башталат. Андан кийин былжырлуу кабык кайра калыбына келе баштайт. Энелик клетканын жетилүү процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3—4 жумада бир), 3— 7 күнгө (аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) созулат. Кыздарда биринчи этек кир жыныстык экинчи белгилер пайда болгондо башталат (Жыныстык жетилүү). Анын кечигиши кыздардын ден соолугуна, социалдык жана турмуш шартына, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Ошондуктан 14— 16 жашка чейин кыздарда айызы келбесе аялдар консультациясына врачка кайрылуу керек. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарды буга мурдатан абдан этияттык менен даярдоо зарыл. Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кир циклинин бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси болгондуктан врачка кайрылуу зарыл. Кээде этек кир келерде баш ооруп, алы кетип, эмчек катууланат, баш айланат, уйку качат, жүрөк тез кагат. Мында да врач менен кеңешүү керек. Аялдын ден соолугу, анын организминин иш-аракети тиричилик шартына, бала чактан туура багуу, тарбиялоого байланыштуу болот. Айрыкча өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу чоң мааниге ээ.

Гинекологиялык оорулардын алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гинекологиялык оорулардын алдын алууда айыз учурунда белгилүү гигиеналык эрежелерди сактоо маанилүү. Айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө болгондуктан алар жыныс кынына, жатынга, жатын кошумчаларына кирип, аларда сезгенүү процесстерди пайда кылат (Андексит, Метроэндометрит). Этек кир мезгилинде күнүгө 2 жолу кайнатылган жылуу суу менен самындап жуунуп, душ алуу керек. Ваннага, сууга түшүүгө болбойт. Менструация бүткөнчө өткүр татымал, алкоголь ичимдиктерин ичүүгө уруксат берилбейт, ал кан агууну күчөтөт. Үшүп калууга, өтө чарчоого, оорулуу менен жолугушууга болбойт, анткени бул учурда аялдардын организми начарлап, ар кандай ооруга тез чалдыгуусу мүмкүн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8