Этилен-пропилен каучугу
Этилен-пропилен каучугу — этилен менен пропиленди сополимердөөдөн алынган синтет. каучук; ак түстөгү катуу зат.
Сополимердин касиетине этилен менен пропилендин өз ара катышы таасирдүү роль ойнойт. Практикаяык мааннси бар сополимерлерде 35%ке чейин пропилен звенолору болот. Этилен-пропилен каучугунун негизинде алынган резиналар бышык, ийилгич келип, көпчүлүк органикалык эриткичтерге, жегичтерге жана кислоталарга туруктуу, ошондой эле сүрүлүүгө, өзөнгө, жылуулукка, суукка чыдамдуу жана диэлектрдик көрсөткүчтөрү жогору. Ал резина буюмдарын, автомобиль шинадарын, техникалык резиналарды даярдоо үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.