Этникос

Википедия дан

Этникос - (гр. ethnikos - кичине этнос). Бул термин илимге атактуу этнограф Ю.В.Бромлей тарабынан сунуш этилген. Термин жашаган аймагына жана таралган ареалына карабастан бир элдин (этностун) өкүлдөрүнүн этномаданий биримдигин белгилөө үчүн колдонулат.

Этникоско тигил же бул элдин өнүгүүсүнүн баардык этаптарындагы этностук белгилери мүнөздүү. Этникостун жашап туруусу үчүн муундар аралык информациялык (маалыматтык) байланыш, ошондой эле тигил же бул формада ата-бабаларынын тарыхый тагдыры бир экендиги жөнүндөгү түшүнүктөрдү камтыган өзүн-өзү аңдоо сезими чоң мааниге ээ болот.

Этникосту аймактык, саясий, социомаданий жалпылыгы бар этносоциалдык организм болгон этностон айырмалап кароо абзел. Этникос ар кандай шарттардагы аймактык жайгашуусуна карабастан, бир этноско кирген кишилердин тобу болуп эсептелет. Этносоциалдык организмге кирбеген этностун бөлүгү «этностук топ» болуп саналат. «Этникос» түшүнүгүн пайдалануу этнологияда этносоциалдык топтордо жашаган этностун тобун башка мамлекеттерде чогуу жашаган топтордон айырмалоого мүмкүнчүлүк берди.

Этникос - этностук мааниде алганда бир түрдүү бүтүндүктү түзбөшү да мүмкүн. Өзгөчө ал тарыхый шарттардан улам ар кандай аймактарда жайгашкан топтордон турган этникостор үчүн мүнөздүү. Мындай учурда этникостун айрым топтору өздөрүн курчап турган этностук топтордун мүнөздүү этностук-маданий, тилдик, этнографиялык белгилерине өтө баштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.