Этнографиялык топ

Википедия дан

Этнографиялык топ - кандайдыр бир тарыхый себептерден улам, негизги этностук топтон бөлүнүп, өз алдынча өнүгүп жаткан жана турмуш-тиричилигинде, маданиятында, психологиясында, тилинде ачык байкалуучу жергиликтүү этнографиялык өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары бар этностун обочолонгон бөлүгү.

Этнографиялык топтор эл же улут тарабынан башка этностук топторду ассимиляциялоодо, уруулар бир элге биригип жатканда, алар айрым өзгөчөлүктөрүн сактап турган мезгилде түзүлөт.

Этностук топтон айырмаланып, этнографиялык топтун айырмаланган өзүн-өзү аңдоо сезими болбойт. Этнографиялык топтор миграциянын, жаңы жерлерди өздөштүрүүнүн, башка элдер менен генетикалык жана маданий байланыштардын, ошондой эле элдин бир бөлүгүнүн диний же башка себептер менен обочолонушунун натыйжасында калыптанган. Пайда болуу себептерине жараша этнографиялык топторду генетикалык, локалдык ж.б. категорияларга бөлүүгө болот.

Генетикалык топко этностордун арасындагы сету тобу мисал боло алат. Локалдык этнографиялык топко орустардын арасындагы поморлор кирет. Негизги этностун өтө алыста жашагандыгына жана жаратылыш шарттарына же өзгөчө социалдык статусуна байланыштуу бир кыйла обочолонуп калган этностун бөлүгүндө айырмаланган өзүн-өзү аңдоо сезими жана энчилүү ат (этноним) пайда болушу мүмкүн. Алар субэтноско айланышат. Мисалы, француздардын курамындагы нормандыктар, оустардын курамындагы дон, кубан, тер казак-орустары ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.