Этностук парциация

Википедия дан

Этностук парциация - бирдиктүү этностун бир нече өз алдынча этносторго бөлүнүп кетиши.

Жаңы пайда болгон этностор мурдагы этнос менен өзүн окшош деп эсептебейт. Этностук тарыхтын жүрүшүндө этностук парциация түрдүү себептердин натыйжасында ишке ашкан. Алгачкы коом мезгилинде уруудагы кишилердин санынын өсүшү, ошол эле мезгилде алар жашаган аймактагы табигый ресурстардын азайышы адамдарды топторго бөлүнүп жашоого мажбурлаган.

Соңку тарыхый доорлордо этностун ар кайсы бөлүктөрү мамлекеттик чек аралар менен бөлүнгөн. Мисалы, араб элдери ж.б. Этностор бөлүнгөндөн кийин бир аймакта кошуна жашап калышы мүмкүн же алардын арасы алыстап, миграция менен коштолушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.