Этностук топ

Википедия дан

Этностук топ - кандайдыр бир себептер менен этностун (социалдык-этностук жалпылыктын) өзөгүнөн бөлүнүп калган жана андан тышкары жашаган бөлүгү, этностун «сыныгы».

Этностук топ ар түрдүүчө болот. Жалпысынан адганда этностук топту мүнөздөй турган төрт факторду белгилөөгө болот:

  1. Биринчиден, өзүнүн мамлекеттик түзүлүшү жок, ушундан улам эриктүү болууну укуктук механизминен айрылган жалпылыктар.
  2. Экинчиден, Этностук топ биринен-бири өтө алыс жайгашкан, бирок алардын бүтүндүгүн, бир жалпылыкка тиешелүүлүгүн мүнөздөөчү негизги этностук белгилерин сактап калышат.
  3. Үчүнчүдөн, бир кездерде өзүлөрүнүн этнотарыхый мекенин таштап кетишкен жана ар кайсы өлкөлөрдө жана региондордо этномаданий азчылыкты түзгөн адамдар.
  4. Төртүнчүдөн, миграциянын, эмиграциянын, депортациянын, чек аралардын өзгөрүшүнөн улам өзүнүн этносунан ажырап калышкан жана башка региондордо жашап жатышкан адамдардын жалпылыгы.

Илимий изилдөөлөрдө адамдардын мындай жалпылыктарын улуттук же этноулуттук топтор же улуттук азчылык, этникалык азчылык деп аташат. Этностук топ жалпы саны бир нече жүз миллиондоп саналгандыктан, алар менен байланышкан проблемалар кээ бир мамлекеттердин социалдык-саясий кырдаалына жана эл аралык мамилелерге олуттуу таасирин тийгизүүдө. Акыркы мезгилдерде этностук топторду эл аралык союздарга бириктирүү аракеттери күч алууда. Абройлуу эл аралык өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан этностук топтун кызыкчылыктарын изилдөө жана ишке ашыруу боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9