Этноэкология

Википедия дан

Этноэкология (грек ethnos - эл, oikos - үй, logos - окуу) - этностук жалпылыктардын жашаган жериндеги табигый жана социалдык шарттарда өз тиричилигин камсыз кылуусунун салттуу системаларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим.

Этностордун экономикалык өз ара байланыштарынын алардын ден соолугуна жана табигый өсүшүнө тийгизген таасири, этностордун жаратылыш чөйрөсүн пайдалануусу жана бул чөйрөгө көрсөткөн таасири жөнүндөгү маселелер да этнологияга тиешелуү.

Этноэкология 20-к. орто ченинде америкалык маданий антропологияда «маданий экология» багыты пайда болгондо калыптанган. Анын негиздөөчүсү Ж.Стюард болуп калды. Ал адам топторунун жаратылыш чөйрөсүнө байыр алуу процессин изилдеген, ошол эле учурда мындай топторго өзгөчө мүнөз берген »маданият чордонун« бөлүп көрсөткөн. Азыркы мезгилде этноэкологиянын мелдетине этностук жалпылыктардын жашаган жериндеги табигый жана социо-маданий шарттарда өз тиричилигин камсыз кылуусунук салттуу системаларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөө, этностордун жаратылыш чөйрөсүн пайдалануусунун жана алардын бул чөйрөгө тийгизген таасирин иликтөөлөр кирет.

Этностук топтордун тиричилигин камсыз кылуу өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө анын «дене бой» жана «психикалык» жактары ажыратып каралат.

Биринчисине адамдардын дене боюнун жаратылыш чөйрөсүнө байыр алышы жана чарбалык ишкердик менен байланышкан маданий байыр алуу кирет. Экинчисине адамдардын курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жана бөлөк этносторго психикалык жактан байыр алуусу, жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүшүнүн же кошуналар менен мамилесинин татаалдашкан натыйжасында пайда болгон стресс кырдаалын жоюу же жумшартуунун салттык методдору, тиричиликти камсыз кылуу жана тиричилик аракеттеринин салттуу формаларынын бузулушу ж.б.у.с. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.