Эфернет

Википедия дан

Эфернет(Ethernet -Эфернет сеть). Жергиликтүү тармактар үчүн иштелип чыккан протоколдордун ичинен эң эле кеңири таралганы ефернет протоколу эсептелет. Ага негизделген жергиликтүү тармактар коопсуз иштөөнү камсыз кылат. Бул протокол 1970-жылдардын ортосунда Ксерокс тарабынан иштелип чыккан жана 1983-жылы жергиликтүү тармактар протоколунун биринчи өндүрүш стандарты катары кабыл алынган. Ефернет протоколу жолчо тоположисине негизделген, бирок, аны жылдызча моделине киргизип койсо деле болот. Ефернетке негизделген жергиликтүү тармактардын көпчүлүгү берилиштерди 10 Мбит/сек ылдамдыкта жиберет. Тез ефернет деп аталган жогорку ылдамдыктагы түрү берилиштерди жиберүүдө 100 Мбит/сек ылдамдыгын камсыз кылат. Ефернет протоколу жолчо түзүлүшүн пайдалангандыктан берилиштер пакети тармак боюнча эки багытка жиберилет. Жиберилген пакетте берилиштер бара турган орундардын даректери камтылат жана кабыл алуучу түзүлүшкө жетмейинче тармак боюнча жылып жүрө берет. Ефернетке негизделген жергиликтүү тармактарда көп станцияга жетүү деп аталган метод колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. 2004-ж., ISBN 9967-14-014-3