Эфиоп тили

Википедия дан

Эфиоп тили, гыз, гёэз - Афразия макро-үйбүлөсүнүн семит уясына кирген өлүү тил.

Араб тилине жакын. Б. з. ч. 5-кылымда Эфиопия аймагына Түштүк Аравиядан келген элдин араб диалектисинин негизинде пайда болуп, Аксум империясынын мамлекеттик тилине айланган. Аны 13-кылымдан тартып тектеш амхар тили сүрүп чыгара баштаган. Эфиоп тили 20-кылымдын башына чейин Эфиопиянынадабий тили болуп келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9