Эчкемер

Википедия дан
Эчкемер.

Эчкемер (лат. Varanus griseus) – ири кескелдирик уруусу. Борбордук Азияда жашаган кескелдириктин эң чоңу, уз. 80-300 см. Борбордук Азиянын чөлдүү талаасында кенен таралган түр. Күндүзү күн жылууда демилгелүү болуп, кемирүүчүлөр, кескелдириктер, канаттуулар жана алардын жумурткалары жана башка менен азыктанат. Азыркы учурда Кыргызстандын түштүгүндө Түркестан тоосунун этегиндеги адырларда: Алмата, Караташ, Сарытоо, Акташ , Түзбел, Алай, Фергана, Бабашата жана Атойнок тоолорунун кургак, этегинде чополуу жерлерде Бозбутоо, Майлысайлардын түштүк жакаларында жана Үчкоргондун, Ташкөмүрдүн жарым чөлдүү чополуу жерлеринде жашагандары байкалган. Бир жылда бир гана жолу 6-10 чейинки жумуртка тууйт. Жарым чөлдүү жерлердин өздөштүрүүсүнө байланыштуу жана алардын терилеринин кымбат баалуулугуна карата, көп жерлерден бул түр жок болуп кеткен. Э-дин кескин азайгандыктан алар коргоого алынып, Кызыл китепке киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]