Эчкили-Таш ашуусу
(«Эчкилиташ, ашуу» барагынан багытталды)
Эчкили-Таш ашуусу — Тескей Ала-Тоодо. Чоң-Жылаңач (Каркыранын башы) жана Сары-Жаз сууларынын башында. Бийиктиги 3723 м. Ашуу карбондун аки таш теги, аки таш чополуу сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Мойногу тегирээк жана тар келип, капталдары негизинен тик. Ашуу июль-сентябрь айларында ачык болуп, мал ашырылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2