Эчки-Башы

Эчки-Башы, айыл (Нарын району)‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Эчки-Башы
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Нарын району
Координаттар 41°34′ с. ш. 75°54′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1468 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Эчки-Башы (Кыргызстан)

Эчки-БашыКыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Он-Арча айыл аймагына кирет.
Айыл өкмөтүнүн борбору Эчки-Башы кыштагында жайгашкан.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 1468 киши[1]. Айыл калкы жалаң кыргыздардан турат.

Айыылдагы калктын көбү кыргыздын тынымсейит уруусунун жаманак бөлүгүнүн ар кыл уруктарынан турат. Башка да кыргыз урууларынын (мундуз, кытай, адигине) өкүлдөрү бар.

Айрым учурларда башка этностордун өкүлдөрү да бир нече жылдап байырлашкан. Маселен, немис тектүү маркум педагог Владимир Унгефухт 1960-жылдары бул айылда орус жана немис тилдеринен сабак берген.

Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Советтер Биримдигинин тушунда кыштак Кыргызстандын Тянь-Шань районунун (азыркы Нарын району) "Коммунизм" колхозунун борбору болгон.

Кыштакта Жусуп Иманалиев атындагы орто мектеп (анын жаңы эки кабар имараты 2017-жылы курулган), Жумакан Тынымсейитова атындагы эки кабат клуб бар.

Эчки-Башыдан чыккан инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыштактагы алгачкы мектепти Сулайман Молдо ХХ кылымдын башында кургандыгы айтылат. Ал айылдыктарды арап жазмасында кат жазууга үйрөтүп, топурактан мектеп тургузган.

Совет доорундагы мектепти курууга чоң эмгек сиңирген башка бир айыл аксакалы - Жусуп Иманаалы уулу (Иманалиев) болгон.

1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын айылдык мектептин ачылышына салым кошкон. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган.

Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.

Пост-советтик доордо Эчки-Башы айылындагы орто мектепке агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымы ыйгарылды.

Бул тоо койнундагы айылдан айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу чыккан.

Манасчы Дуңкананын вариантынын бөлүгү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталууда.

Кыргыздын чыгаан диктору Капар Алиев жана анын карындашы, кыргыздын туңгуч архитектор окумуштуу айымдарынын бири Вера Алиева да Эчки-Башы кыштагында туулуп өскөн. Алардын бир тууган агасы Абдырахман Алиев (1923--1971) Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, германдык нацисттик концлагерден качып чыгып, Европадагы антифашисттик кыймылдарга катышкан. [2]

Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.

Эчки-Башыдан акын айым Жумакан Тынымсейитова, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов сыяктуу белгилүү зыялылар туулуп өскөн.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.

Ушул айылдан чыккан башка таанымал инсандардын арасында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер композитор Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Какен Мамбеталиева, тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, Анкара университетинин окутуучусу Гүлзуура Жумакунова, филология илимдеринин доктору Нуржан Осмон кызы Нарынбаева ж.б. бар.

Профессор Гүлзура Жумакунова Кэмбриждеги илимий жыйында. 20.9.2011. Т.Чоротегиндин сүрөтү.

Айылдын атагын чыгаргандардын арасында Социалисттик Эмгектин Баатыры Мукамбет Кожоканов, учурунда Кыргызстандын мамлекеттик жана ички иштер тармагында иштеп, генерал даражасына жеткен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы "Алтын" комиссиясынын мүчөсү Бейше Молдогазиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Мукаш Эсеналиев, белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев (1928--2021), КДКнын Нарын облустук уюмунун жетекчиси (1990-1993) Жумамүдүн Кадырмамбетов, журналист жана ишкер Кубанычбек Чороев (1954--2019), ар кыл жооптуу кызматтарда иштеген Эрмек Кудайбергенов, Токон Жусаев, Курманбек Нурмукамбетов, кооперация тармагында иштеп, ардагер болгон Нурия Кадыркулова жана башкалар бар.

Генерал-майор, ардагер Бейше Молдогазиев. 12.1.2021.

Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Ал 1983-жылдан советтик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген. Ал 1991-жылдын 26-октябрында СССР Ички иштер кызматынын генерал-майору даражасын алган. Б.Молдогазиев 1991–1994-жылдары “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты болгон. [3]


Айылды ийгиликтүү жетектегендердин арасында мурдагы колхоз башкармалары Кудаш Саралаев, "Ленин" ордендүү Жусай Байсабаев, айымдардын ичинен чыккан коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, Садык Усупбеков жана башкалар болду.

Айылда таалим берген чыгаан педагог агартуучулардын арасында Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев, Нурмукамбет (Кулум) Токтобеков, Кочкорбай Жумаев, Күлүйпа Жамантаева, Исмаил Оморов, Мукаш Акунов, Шакен Мамбеталиева, Батый эже, Жумакан эже, Батыйна эже, ошондой эле кийинки педагог муундун ар кыл өкүлдөрү бар.

Эчки-башылык мугалимдер тобу мектеп деректири Самүдүн Шайкыев менен бирге. 1970-жыл.

Бул айылдан чыккан жаш окумуштуулардын бири - Түркиядагы Анкара университетинде докторлук диссертациясын жактап келген Тимурлан Исмаил уулу Оморов. Ал азыр Бишкектеги университеттердин биринде иштейт.

Айылдагы маданий жана башка жайлар, курулуштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эчки-Башыдагы жалгыз орто мектептин жанында тээ 1975-жылы эле 1941-1945-жылкы Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арналган чоң эстелик тургузулган.

Айылдан чыккан жүздөн ашуун жигиттер бул улуу согушка катышып, далайы кайтпай калган.

1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия да нечендеген айыл азаматтарынын өмүрүн кыйган.

1990-жылдары айылга жаңы жамы мечит да курулган. Ага чейин Көлбай Молдонун, Бектемир молдонун, андан мурда Сулайман молдонун чакан мечиттери болгон.2004-жылы жуз кишилик жаны мечит салынды.

Айылдагы эң эски күмбөздөрдүн арасында дөбөдөгү Айты уулу Чоро ажынын күмбөзү өзгөчө тарыхка ээ. Бул күмбөз 1920-жылдары тургузулган.

Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасы, ошондой эле токойчулук, сугат каналын жөндөө, соода-сатык менен кесиптенет.

Эчки-башылык малчылар адатта Солтон-Сары, Терс-Суу, Чуңкур-Суу, Көк-Дөбө сыяктуу жайлоолорго чыгышат. 2020-жылы жайында айылдыктар Терс-Муу жана Солтон-Сары жайлоолорунун экологиялык болочогун коргоого алган нааразылык жыйынды мектептин футбол талаасында уюштурушту.

Айыл жаштары спорт жаатында да коптогон ийгиликтерди жаратып келишуудо. Атап айтканда спорттун бокс туру боюнча 2007-жылы Рахатбек уулу Кожомкул КР өспүрүмдөр арасында үчүнчү орунду камсыз кылса, 2008- жылы Нурбек уулу Акылбек да үчүнчү орунду утуп алган.

Кыштакты айлантып курулган Он-Арча каналы көбүнесе коңшу "Эмгекчил" жана Миң-Булак айылдарынын талааларын сугарат.

2012-жылы июлда кыштактын Боз-Бешик дөбөсүнө "Мегаком" компаниясы өзүнүн сигнал кабылдагычын кургандан бери кыштак эли уюкфондун тейлөө кызматынан дурус пайдаланып калышты.Андан коп отпой "О" компаниясы да сигнал кабылдагычын орнотуп уюлдук байланыш кыйла жакшырды. 2013-жыл " Билайн" уюлдук компаниясы оз антенасын орнотту.

Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.

Эчки-Башы айылынын бейрасмий гимнинин текстин маркум жазуучу жана журналист Кубанычбек Чороев (1954-2019) жазган.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1977-1980. - Т.1-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор академик У.Асанов. - Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы ред., 1998. - (ISBN 5-89750-100-1)
  • Урстанбеков Б.У., Чороев (Чоротегин) Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (ISBN 5-89750-028-2)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл элестери. Айыл инсандары. Сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күмүш Суранова, элеттик кыргыз коомдук ишмер айымы. Бишкек шаары. 2007-жылдын 14-апрели.


Генерал-майор Бейше Молдогазиев жубайы Жамал Акунова менен. 12.1.2021.


Акын Жумакан Тынымсейитова (1929-1975).

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]