Эшбай, Токсобаев

Википедия дан

Эшбай Токсобаев 1899-жылы Тянь-Шань облусунун Ак –Талаа районундагы Учкун колхозунда туулган. Педагогикалык орто билими болгон.

Эл агартуу майданында 41 жыл эмгектенген. 1945–жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 1946-жылы, 1941–1945–жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 1949–жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган. 1952–жылы «Ленин» ордени менен сыйланган.

Жети баланын атасы Токсобаев Эшбай 1976–жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

1991–жылы 1 – ноябрда Учкун орто мектебинин аты өзгөрүлүп, Эл депутаттарынын Нарын облустук кеңешинин президиумунун токтому менен Токсобаев Эшбайдын ысымы берилген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Учкун айылы Э.Токсобаев мектеби