Эшимбеков, Имаш

Википедия дан
Эшимбеков, Имаш
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Эшимбеков, Имаш
Туулган жылы: 1939-жыл
Туулган жери: Кегети айылы, Чүй району, Фрунзе облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1992-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Сөөгү: Кегети айылынын Көрүстөнүнө коюлган, Чүй району, [Чүй]] облусу, Кыргыз Республикасы
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1963-1992-жылдар
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Эшимбеков, Имаштеатр артисти.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имаш Эшимбеков орто мектепти аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
Андан соң, 1959-жылы артист болууну эңсеп Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтуна (ТТХИ) окууга өтөт.
Институтту 1963-жылы аяктап келип, курсташтары Күнболот Досумбаев, Болот Бейшеналиев, Мамбет Асанбаев ж.б. менен Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирет.
1966-жылы Имаш Эшимбеков менен Таттыбүбү Турсунбаева экөө баш кошушат. 1967-жылы экөө Асел аттуу кыздуу болушат.
Ал кыз кийин Асел Эшимбекова деп “Махабат дастаны”, “Сүйүү закымы” ж.б. кинофильмдерде тартылып, кыргыз киносунун жылдызына айланган.
1968-жылы Имаш менен Таттыбүбүнүн ортосунда уул төрөлүп, атын Канат коюшат.
Аталган театрда И.Эшимбеков он эки жыл эмгектенгенден кийин, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу ал Ош кыргыз драма текатрына которулуп кетет.
Ош театрында ал актриса Жамийла Сыдыкбаевага үйлөнөт.
1979-жылы Имаш Эшимбеков жаңы үй-бүлөсү менен кайрадан Фрунзе шаарына кайтып келип, Кыргыз академиялык драма театрына орношот.
Ошондон тартып, өмүрүнүн акырына чейин ушул театрда иштеген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имаш Эшимбеков Кыргыз драма театрында көбүнэсе геройлордун ролдорун аткарган көрүнүктүү артист болгон.
Анын сырткы келишкен келбети, темпераменти көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турган.
Имаш Эшимбековдун өтө көрүнүктүү ролдорунун бири улуу драматург В.Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” трагедиясындагы Ромеонун ролу.
Бул спектаклде ал жубайы Таттыбүбү экөө сахнада бирге ойношкон. Таттыбүбү Турсунбавева Жульеттаны аткарган.

Театрдагы негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]