Мазмунга өтүү

Эшмамбетов Асылбек

Википедия — ачык энциклопедия

Эшмамбетов Асылбек (1915, Аламүдүн району - 1967, Фрунзе) - чебер комузчу, дастанчы.

  • 1934-36-ж.Кыргыз драма театрында,
  • 1937-40-ж. Кетмен-Төбө райондук театрында артист,
  • 1940-67-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист болуп иштеген.
  • Э. Муратаалы, Токтогул, Атай, Карамолдо, Ыбырай ж. б. күүлөрүн чебер аткарган.
  • Өзү да күү чыгарган («Жаз көркү», «Kыз кыял»), Эшмамбетовдон элдик дастандар да жазылып алынган («АкМөөр», «Карагул ботом» ж. б.).
  • 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан.

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.