Байсейит уулу Эшмамбет

Википедия дан
Эшмамбет Байсейит уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Байсейит уулу Эшмамбет
Туулган датасы:

1866? 1867?

Туулган жери:

Талас облусу, Кырк-Казык кыштагы

Өлгөн датасы:

1926 жыл(1926)

Өлгөн жери:

Талас, Чечекти жайлоосу

Эшмамбет Байсейит уулу (1866-жылы Талас облусу Кырк-Казык кыштагы, - 1926ж, азыркы Токтогул району, Кызыл-Озгоруш айылы, Чечекти жайлоосу) — кыргыздын төкмө акыны, ырчысы.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1866-жылы Таластын Колпоч айылында туулган. Эр жетип ээрге мингени улуу Токтогул акындын даңкын угуп, Кетмен-Төбөгө келип, акындан көп таалим-тарбия алат. Эшмамбет кыргыздын элдик поэзиясына, анын ичинде айтыш өнөрүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жергесиндеги көрүнүктүү акындардын дээрлик бардыгы менен айтышкан. Эл арасында «ырчынын кара тулгасы» деген ардактуу атка татыган.

1926-жылы Кетмен-Төбөнүн Чечекти жайлоосундагы Капка деген жерде каза болгон.

Токтогулдун эң жакын шакирти. Ырчылыгы он беш жашында башталган. Ырларын комуз менен коштоп аткарган. 1885-ж. оор турмуштун айынан Кетмен-Төбөгө барып, ал жерде көп жыл турган. Чыгармачылыгынын алгачкы мезгилинде эски коомдук турмуштун, уруу идеологиясынын таасиринен улам акын бай-манаптардын зоболосун көтөрүүгө кызмат кылуучу ырлар да чыгарган. Эшмамбеттин ырларындагы демократтык тенденциянын тереңдеши жана ырчылык чеберчилигинин жетилишине Токтогул көп таасир берген. Токтогул Сибирге айдалганга чейин да, сүргүндөн келгенден кийин да Эшмамбет улуу акын менен бир жүрүп, ырчылык өнөрүн өркүндөткөн, таалим-тарбия алган. Токтогул экөөнүн бийлөөчү тапты, кожо-молдолорду ашкерелеген «Токтогул менен Эшмамбеттин эшен-калпаларга карата ырдаганы», «Папы калпа», «Ак туяк» ж. б. алым сабак ырлары белгилуу. Эшмамбеттин өзүнөн да дин өкүлдөрүн ашкерелеген социалдык маанидеги сатиралык чыгармалар калган. Эшмамбет айтыш өнөрүнүн устаты болгон. Анын Жеңижок, Жаныбай, Курман, Найманбай, Алтынай, Нурмолдо, Чоңду, Барпы,,Калык ж. б. менен ар түрдүү тематикадагы, ар кыл мазмундагы айтыштары бар. Табият көркүнө, дыйкандарга, жаштарга арналган оригиналдуу чыгармалардын да автору. Эшмамбеттин санат, терме ырларын замандаштары айрыкча жогору баалашкан. Эшмамбеттин революциядан кийинки чыгармачылыгында Ленинди, жаңы заманды даңазалаган ырлары («Ленинге ыракмат», «Өкүмөткө ыракмат», «Жаштарга») маанилүү орун ээлейт. Эшмамбет «Жаныш-Байыш», «Кедейкан», «Саринжи-Бекей» эпосторун да айткан.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул экөөнүн бийлөөчү тапты, кожо-молдолорду ашкерелеген.«Токтогул менен Эшмамбеттин эшен-калпаларга карата ырдаганы», «Папы калпа», «Ак туяк» жана башка алым сабак ырлары белгилүү. Эшмамбеттин өзүнүн да айрым дин өкүлдөрүнүн терс жоруктарын ашкерелеген сатиралык чыгармалары калган. Эшмамбеттин айтыш өнөрүнүн чыгаан мыкты устаты болгон. Анын Жеңижок, Жаңыбай, Курман, Найманбай, Алтынай, Нурмолдо, Чоңду, Барпы, Калык жана башкалар менен ар түрдүү тематикадагы, ар кыл мазмундагы айтыштары бар. Табият өнөрүнүн дыйкандарга, жаштарга арналган оригиналдуу чыгармалардын да автору. Эшмамбеттин санат, терме ырларын замандаштары айрыкча жогору баалашкан. Эшмамбет «Жаныш-Байыш», «Кедейкан», «Саринжи- Бөкөй» эпосторун да айткан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.