Ээрди сынпостоо
Капталган булгаарыга кооздук түшүрүү. Түшүрүүчү сынпостоодо мурун ээрди булгаары аркылуу каптайт. Мунун каптыргалары да булгаары болот. Ал тердикти жаап турат. Ошого чебер өзүнүн чийим шибегеси менен оболу кичине ичке оюм түшүрөт. Анан жумуру сабы бар чийим шибегени отко ысытып алып басат. Мында усталар өзүнө таандык көркөмдүктү берет. Ээрге жана тердикке түшүргөн чийме сынпостор «мүйүзчөлөнүп», «кыялданып», «карга тырмактанып» кетет. Айрымдар ээр каптоосунда да жекече ыкмалары бар. Мында жылытылган тери аркылуу капталган ээрдин кашын өзүнчө каптап, анын үстүнөн тигип коет. Себеби, ал жыртылганда кайра тигүүгө оңтойлуу келет. Кара булгаарынын ичин кийиз же нооту менен ичтеп, четине нечен түрдүү кайык түшүрүп, жээктери кийиз, тукаба өңдүү бышык жердиктер менен да кыюуланат.
Ар бир өнөрдүн түрлөрүн табы менен кармаган зергерлер жигит ээринин эки капталынын этегине ак жип (илгери жибек тарамыш) менен энин жарым элидей кылып, «жээк» коюшат. Ага эни эки элидей кош карыш ичке балык жон «наар» келтиришет да, анын ичинен чийим шибегеси аркылуу «ийрек» сымал «тиш-тиш» түшүрүшкөн. Мындай «чиймесынпос» өзүнчө эле кооз көрүнгөн.
Айрымдары муну өзүнүн «кыял оюмдары» менен да наар кылып түшүрө алуучу. Чийим шибегесиндей эле «чийме сынпосту» түрлөнтүп жиберүүгө өтө онтойлуу «жылдызча», «тоок көз», «тегерекче», «толкун» сыяктуу аспаптары кол булгаарыга кооздук ыроолоонун мыкты шарты экенин баамдайбыз. Бул көркөм көчөттөр ээрдин эки капталына бипбирдей түшөт. Мында ээрдин кашы оюм-чийим түшкөн моюнунан өйдө өзүнчө капталып, алкымынан булгаары чачы чыккан. Албетте, эски зергерлердин берген «чийме сынпостору» биринен-бири кайталанбай, кайра түрлөнтүп кетишчү. Анткени менен кимдин «чийме сынпостору» экенин эл билип туруучу. Ушундан улам усталар ат жабдыктарына узанууда терини колдо иштетүүнүн асемдүү сырларын мыкты билишкен.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)