Эңилчек өрөөнү

Википедия дан

Эңилчек өрөөнү - Борбордук Терңир-Тоодо; Кантеңир тоо тоомунун батыш тармактары Сарыжаз жана Эңилчек кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышты карай созулган терең капчыгайды ээлейт. Аксуу районун аймагында. Узундугу 106 кмге чейин (анын 60 кмге жакынын мөңгү ээлейт), эң жазы жери 3 км. Аянты (суу бөлгүчтөр менен кеткен чек боюнча) 1739 км2 (анын ичинде 949 км2 жерин мөңгү ээлейт). Таманынын эң бийик жери 2500–3000 м. Төр жагы экиге айрылып, Түндүк жана Түштүк Эңилчек мөңгүлүү өрөөндөрүн түзөт да Меридиан кырка тоосуна чейин созулат. Эки айрылыштын аралыгында орточо бийиктиги 6000 мден ашкан Терңир-Тоо жатат. Байыркы геологиялык антикланалдын кыры боюнча кеткен тектоникалык жарака желип отуруп, 2000 мге чейин тереңдеп, өрөөн пайда болгон. Негизинен силур, девондун сланец, акиташ жана башка тоо тектеринен туруп, пермдин граниттери жиреп чыккан. Байыркы муз каптоо мезгилинде өрөөн толугу менен муздун алдында калып, анын эрозиялык аракетинен азыркы тепши сымал абалына келген. Капталдарында байыркы мореналардын калдыктары кездешет. Климаты катаал, кышы суук, кургак, кар аз түшөт. Жайы салкын, жаан-чачын аз жаайт. Январдын орт. темп-расы –18...–20°С, июлдуку 10–11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм. Чыгышы мөңгүлөр менен капталган; эң ириси – Түш. Эңилчек мөңгүсү (аянты 613 км2, уз. 59 км). Негизги суусу — Эңилчек (орточо чыгымы 30 м3 /сек). Өрөөндүн күнгөй капталдарына (2700–2800 жана 3000–3200 м бийиктикте) жарым чөл жана кургакчыл талаа, тескей жагына (2800–3100 м) шалбаалуу токой, өрөөндүн эки капталына субальп жана шал- баалуу талаа жана шалбаа, альп ландшафт алкактары мүнөздүү. Эң көп аянтты ни-валдык-гляциалдык алкак ээлейт. Кышкы жайыт. Эңилчек кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]