Севортян Эрванд Владимирович
Көрүнүш
(«Э. В. Севортян» барагынан багытталды)
Севортян Эрванд Владимирович (1901-1978) - тилчи, түрколог, филология илимдеринин доктору (1957), профессор (1969).
- Жумушчу үй-бүлөсүнөн.
- 1930-жылы Крым педагогикалык институтунун чыгыш бөлүмүн бүткөн.
- Москва жана Ленинград Тил илими илимий изилдөө институтунун аспирантурасын бүткөндөн кийин (1931-1935),
- Ленинград тил илими илимий изилдөө институтунда (1935-1936) иштеген.
- 1936-жылдан СССР ИАнын Тил илими институтунда ага илимий кызматкер.
- Севортяндын 70тен ашык илимий эмгеги бар.
- Аларда негизинен түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы, сөз жасоо маселелери, түрк тилинин фонетикасы изилденет.
- Севортян Түрк лингвистика коомунун корреспондент мүчөсү (1957), «Советская тюркология» журналынын редколлегия мүчөсү болгон.
Эмгектери:
- Аффиксы глаголообразования в азербайджанском языке. Опыт сравнительного исследования, М., 1962;
- Аффиксы именного словообразования в азербайджанском языке. Опыт сравнителъного исследования, М., 1966;
- Этимологический словаръ тюркских языков. (Общетюркские и междутюркские основы на гласные), m. 1-2, М., 1974, 1979.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9