Ювенил суулары

Википедия дан

Ювенил суулары (лат. juvenilis - жаш) - магмадан бөлүнүп чыгып, жер астындагы гидросферага жаңы кошулган суулар.

Терминди 1902-ж. австрия геологу Э. Зюсс киргизген. Ювенил суулары жанартоолордун атылуу учурунда же тереңдиктеги магмадан бөлүнүп чыккан газ менен бирге жана магма тулкуларынын кристаллдашуусунда сыгылып чыгып, жаракалар, боштуктар аркылуу жогору көтөрүлөт. Айрым учурда жер бетине чыгат. Бирок, көтөрүлүп келе жатканда жер кыртышындагы башка генезистеги суулар менен аралашат. Ювенил сууларынын кыйыр көрсөткүчтөрү болуп, жер астындагы суулардын курамында көмүр к-тасынын, гелийдин жана суутектин көптүгү эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4