Мазмунга өтүү

Юнкерлер козголоңу

Википедия — ачык энциклопедия

Юнкерлер козголоңу (1917) - аскер окуу жайларындагы юнкерлердин 1917-ж. 29-октябрда (11-ноябрь) Петрограддагы куралдуу контрреволюциячыл аракети.

Керенский-Краснов козголоңунун бир бөлүгү болгон. Юнкерлер козголоңу «Мекенди жана революцияны сактап калуу комитети» жетектеген. Кызыл Гвардиянын патрулу 29-октябрга (11ноябрь) караган түнү Юнкерлер козголоңунун жетекчилеринин Сирин көтөрүлүш чыгаруу планы көрсөтүлгөн документи менен бирге колго түшүргөн.

Документте козголоңду 30-октябрда (12-ноябрь) Красновдун отряддары Петроградга жакындаганда баштоо белгиленген. Бирок козголоңдун планы билинип калган соң Николаев инженердик окуу жайынын юнкерлери аны мөөнөтүнөн мурда 29-октябрда (11ноябрь) баштан, борбордук телефон станциясын, Михаил манежин басып алган. Ошол эле күнү - кечинде революциячыл матрос, солдат жана кызыл гвардиячылардын күчү менен Юнкерлер козголоңу басылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.