Юридикалык жак бирикмелери (ассоциациялар менен бирликтер)
Юридикалык жак бирикмелери (ассоциациялар менен бирликтер) – юридикалык жактар тарабынан алардын иштерин координациялоо, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын жактоо жана коргоо, анын ичинде мүлктүк кызыкчылыктарын дагы, максаттарында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Ассоциация юридикалык жак болуп саналат. Ассоциациянын мүчөлөрү өзалдынчалыктарын жана юридикалык жак укугун сактап калат. Ассоциация өз мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ассоциациянын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ассоциациянын уюмдаштыруучу документтеринде каралган көлөмдө жана тартипте субсидиардык жоопкерчилик тартышат. Фирмалык аталышын жана анын мүчөлөрүнүн негизги ишмердиктеринин негизги багыттарын көрсөтүү менен, өзүнө «ассоциация» же «бирлик» деген сөздөрдү камтуусу тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |