Юсубалиева Саадат
Юсубалиева Саадат Уз-сүрөтчү. 1954-ж. Панфилов районундагы Ойрон айылында төрөлгөн.
Бишкектеги көркөм окуу жайынын колдонмо-жасалга бөлүмүн бүткөн. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде узданат. Көпчүлүк чеберлерге кагаз үлгү чийип берген Саадаттын жердиги чийден, териден, кездемедек, таардан, териден турган көркөм үлгүлөрү чакандала жасалат да, андагы ар бир табакчаларына түшкөн көркөм оюм-көчөтттөр өзүнчө композициялык түзүлүшкө эгедер болуп, «мүйүз оюмдарын» (кайкалак көчөттөрү), «карга тырмак оюмун» негиз тутат. Ал туштук (текче) түспөлүндө жаралат да, сатууга коюга, белек-бечкекке берүүгө, чет-жакаларга чыгарууга өтүмдүү келет. Автордун «Жайлоо» (чий), «Достук» (кездеме), «Эгиз» (кийиз), «Кыял» (тери) өңдүү тематикалуу үлгүлөрү сюжеттүү бир бүтүм ойду туюндурат да, чечмелей алуучу мааниге эгедер. Бул эмгектери мамлекеттик, этнографиялык музейлерге экспонатталган. Анын туштуктары бир нече жолу Франция, Швеция, Монголия, Индия, Алжир, Кытай сыяктуу ири өлкөлөрдө өткөн жайма базарларга катышкан. Саадат көркөм буюмдарына «тор чачыкты», «топ чачыкты», «төкмө чачыкты», «кылыч байлоону» ж. б. түймөнүн түрлөрүн эриш-аркак пайдаланат.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Туштугу үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин республикалык кароо-сынагы». Териге, таарга түшүргөн көркөм көчөттөрү үчүн «Кыял» көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0