Юэчжилер

Википедия дан

Юэчжилер – Дуньхуандын батышынан Циляншандын чыгышына чейинки аймактарды жердеген уруулар. Биздин заманга чейин 3-кылым 2-жарымында юэчжилер зор күч-кубатка жетишет. Ушул мезгилде алардын коңшусу хунндар юэчжилерди кыйроого учуратат. Талкаланган юэчжилер. батышка, Чыгыш Түркстанга жана Орто Азияга жер которуп, ал жерде сактарды басып алышкан. Б. з. ч. 2-кылымдын ортосунда юэчжилер усундардын катуу соккусунан кийин Орто Азияга келишкен. Кийинчерээк алардын бир бөлүгү Грек-Бактрия падышалыгын басып алса, 2-бөлүгү Борбордук Азиянын көчмөн урууларынын курамына кирген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.