Ядролук Магниттүү Резонанс

Википедия дан

Ядролук Магниттүү Резонанс (ЯМР) – ядролук парамагниттүүлүк менен шартталган, заттардын электр-магниттик энергияны тандап жутуу кубулушу.

ЯМР-радио-спектрос-копиялык методдорунун бири. Затка бири бирине перпендикуляр болгон магнит талаалары таасир эткенде ЯМР байкалат. Алардын бири күчтүү туруктуу Но, экинчиси начар радиожыштыктагы Н1 (106–107 Гц) талаалар болушу керек. Кубулуштун резонастык мүнөзү ядролордун кыймыл санынын моменти жана магнит моментине ээ болуу касиеттери менен аныкталат. Мында −ядро спини, ν − гиромагниттик катыш, h − Планк туруктуусу. ЯМР байкалган жыштык: ω=ν/Н0. Протондор үчүн Но=104 Э, ω/2π=42,57 МГц; көпчүлүк ядролор үчүн бул жыштык 1−10 МГц диапазонунда. Резонанстык жутулуунун чоңдугу заттын ядролук магниттелүүсүнүн теңсалмактуулугу менен аныкталат. ЯМР методу атом ядросунун магнит моменттеринин, химиялык реакциялардын механизми менен кинетикасын изилдөөдө колдонулат. ЯМР кубулушун Ф.Блох жана Э.Персель 1946-ж. ачкан. 1952-ж. Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]