Ядролук энергетика

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ядролук энергетика, атом энергетикасы - энергетиканын электрлештирүү жана жылуулук менен жабдуу үчүн ядролук энергияны пайдалануучу тармагы; илим жана техниканын ядро энергиясын электр жана жылуулук энергияга өзгөртүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуучу облус.

Ядролук энергетиканын негизи - атом электр станциясы. Ядролук энергияны тынчтык максатта колдонуу боюнча дүйнөдөгү биринчи АЭС (5 МВт) КМШ өлкөлөрүндө (Обнинск ш., 1954-ж.) курулуп, ишке кирген. Ядролук энергияны алуу үчүн уран-235 жана плутонийдин ядросун бөлүүчү реакция колдонулат. Бардык АЭСтер жылуулук жана тез учуучу нейтрондор менен иштеп, энергия булагы болуп ядролук реактор кызмат кылат. Органикалык отундун (көмүр, нефть, газ, чым көң) запасы түгөнгөндө ядро отунун пайдалануу бирден бир реалдуу жол болуп эсептелет. Өнөр жайлык ядро энергетикалык орнотмолордун төмөнкүдөй түрлөрү бар: жылуулук атом станциясы - үй тиричилигинде жана өнөр жайлык керектөөлөрдү жылуулук менен камсыз кылат; ядро энергиялык орнотмо - ядро энергиясын кеме, самолёт, локомативдерди кыймылга келтирүү үчүн пайдаланылат. Ядро энергетикалык орнотмолордо ядронун бөлүнүшүнүн бардык энергиясы затка дээрлик жутулат жана жылуулукка айланат. Бул процесс ядро реакторунда өтөт. Ядролук энергетиканын маанилүү маселелеринин бири - башкарылуучу термоядролук синтездин жардамы менен энергия иштеп чыгуу маселеси. 2010-ж. дүйнөдө энергияны алуудагы Ядролук энергетиканын үлүшү адамзатка керектелүүчү энергиянын 2,7% ин түзөт. Жаратылыш ресурстары жетишпеген өлкөлөрдө Ядролук энергетика маанилүү, мис., Франция, Бельгия, Финляндия, Швеция, Болгария жана Швейцария ж. б. Бул өлкөлөр 20-74% электр энергиясын АЭСтен өндүрөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4