Мазмунга өтүү

Ядро спектроскопиясы

Википедия — ачык энциклопедия

Ядро спектроскопиясы - ядро физикасынын ядронун энергетикалык деңгээлдердеги абалын жана анын бир абалдан экинчи абалга өтүү жолдорун изилдөөчү бөлүгү.

Ядро спектроскопиясынын негизги милдети: ядронун спектрин жана анын пайда болуу жолдорун үйрөнүү; ядронун ажыроо жана дүүлүккөн энергетикалык деңгээлдеринин схемасын түзүү (схемага ядронун спини, бир деңгээлдин экинчи деңгээлге өтүү жолдору жана деңгээлдердин башка касиеттери көрсөтүлөт), ядронун структурасын жана ядродогу бөлүкчөлөрдүн бири бирине таасир эткен күчүн изилдөө.

Ядро спектроскопиясында бир ядронун бардык энергетикалык деңгээлдеринин жыйындысы ошол ядро үчүн деңгээлдердин спектри деп аталат. Ядролук деңгээлдердин спектри ос, р, ү-нурларынын жана ядродон чачыраган бөлүкчөлөрдүн спектрин байкоо аркылуу изилденет. Атомдун спектриндей эле ядро бир энергетикалык деңгээлден экинчисине өткөн кезде ядронун спектри пайда болот.

Ядро физикасында Ядро спектроскопиясы - эң негизги метод. Анткени ядронун түзүлүшүн жана ядронун ичинде болуп жаткан кубулуштарды ядродон сыртка чыккан спектрлердин жардамы менен гана билүүгө болот. Ядро спектроскопиясы кийинки убакта ядронун түзүлүшүн жана формасын толугу менен түшүндүрдү, ядродон а, р, ү-нурлацынын чыгуу законун аныктады. Ядро спектроскопиясы жөнөкөй бөлүкчөлөрдүн физикасы жана ражыроо жөнүндөгү окууну пайда кылды. Бэта (Р)-спектроскопия методу менен нейтрино бөлүкчөсү ачылды. Ядро спектроскопиясынын техникасынын өсүшү импульстуу радиотехниканын жана заряддалган бөлүкчөлөрдүн тобун фокустоо теориясынын өсүшү менен тыгыз байланыштуу. Илимде эсептөө техникасынын жана жарым өткөргүчтөр детекторлорунун пайда болушу ядронун түзүлүшүн жана анын касиетин изилдөөдө колдонулуучу автоматтык комплекстерди түзүүгө мүмкүндүк берди. Азыр Ядро спектроскопиясынын жардамы менен ачылган активациялык анализ жана Мёссбауэр эффектней илим менен техниканын эң көп тармактарында, ошондой эле ядро реакциясында радиотехника, кибернетика жана башкаларда колдонулууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.