Мазмунга өтүү

Ядро техникасы

Википедия — ачык энциклопедия

Ядро техникасы - техниканын ядро энергиясын пайдалануучу тармагы; ар түрдуү заттардын ядролук касиеттерин техникалык жактан пайдаланууга байланыштуу техникалык каражаттардын жана уюштуруу иш чараларынын жыйындысы.

Ядро техникасынын негизги багыттары - реактор куруу, ядро отунун жасоо, ядро реакторлору үчүн жылуулук бөлүп чыгаруучу элементтерди даярдоо, пайдаланылган ядро отунун кайра иштетүү, изотопторду бөлүү, радиоактивдүү изотопторду өндүрүү жана колдонуу, организмди нурлануудан коргоо методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу.

Ядро техникасы менен ядро реакторлору үчүн конструкциялык материалдарды - графит, оор суу, цирконий, бериллий ж. б-ларды өнөр жайлык жол менен алуу, реакторлорду жана ядро күч берүүчү установканы ишенимдүү автоматтык жөндөгүч жана башкаруучу системаны түзүу, реакторлордо болүнүп чыгуучу жылуулукту рационалдуу пайдалануу, ядро-физикалык жана жылуулук процесстерди эсептөөнүн теорияларын жана методдорун иштеп чыгуу ж. б. көптөгөн илимий-техникалык проблемалар менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.