Мазмунга өтүү

Якудза

Википедия — ачык энциклопедия
Якудза
жап. ヤクザ , やくざ

Сандзя-мацури фестивалындагы якудза топторунун бири
Негизделген жылы

XVII кылым

Негизделген жери

 Жапония

Активдүүлүк жылдары

XVII кылым — а.у.

Аймагы

Азия, Европа, Түндүк Америка (Жапония, АКШ, Кытай, Корея, Филиппин, Таиланд

Улуттук курамы

жапондор, корейлер, кытайлар

Мүчөлөрүнүн саны

Жапонияда эле 80 миңден ашык адам

Кылмыштуу иш-аракеттеринин багыты

Опузалоо, киши өлтүрүү, рэкет, кумар оюндары, сутенерлук, порнография, баңгизаттарды сатуу, адам жана курал-жарак сатуу, ортомчулук келишимдери жана жумушчу күчүн жалдоо, финансылык алдамчылык

Каршылаштары

Кореялыктардын жана кытайлыктардын ар кандай кылмыштуу топтору

Якудза Викиказынада

Якудза (жап. ヤクザ , やくざ) — Жапониядагы уюшкан кылмыштуулуктун салттуу формасы болуп, анын топтору өлкөнүн криминалдык дүйнөсүндө башкы жана жетекчи орундарды ээлейт. Якудзанын мүчөлөрү «гокудо» (жап. 極道 - «чектен чыккан жол», «акыркы жол») деп да аталат. Илимий адабиятта жана басма сөздө якудза же анын айрым топтору көп учурда «жапон мафиясы» же «борёкудан» (жап. 暴力団 - «зордук-зомбулук тобу») деп аталат. Якудза патриархалдык үй-бүлөлүк баалуулуктарга, башчыга сөзсүз баш ийүү принциптерине жана так сакталуучу эрежелер жыйнагына (мафия кодексине) таянат, бул эрежелерди бузуу сөзсүз жазага алып келет. Якудза топторунун туруктуулугу менен узак жашоосун башчы менен анын кол алдындагылардын ортосундагы өзгөчө байланыштар, ошондой эле катардагы мүчөлөрдүн ортосундагы «бир туугандык» мамилелер камсыз кылат.

Якудза Жапониянын экономикалык жана саясий турмушуна терең сиңип кеткен жана өзүнө гана таандык бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Дүйнөдөгү башка кылмыштуу уюмдардан айырмаланып, якудза так аныкталган аймактарга ээ эмес, уюмдук түзүлүшүнүн негизи катары туугандык байланышка таянбайт жана ички иерархиясын, мүчөлөрүнүн санын же жетекчиликтин курамын жашырууга умтулбайт. Көптөгөн якудза топторунун расмий эмблемалары бар, штаб-квартираларынын жайгашкан жери жана башчыларынын ысымдары ачык белгилүү. Мындан тышкары, айрым топтор ар кандай патриоттук же ультраоңчул уюмдардын атын жамынып, расмий каттоодон өткөн.

1950-жылдардан тартып жапон укук коргоо органдары якудза топторунун жана алардын расмий мүчөлөрүнүн санын каттап келет. Согуштан мурдагы мезгилде адатта бир башчы жана 50гө жетпеген адамдардан турган топтор болсо, согуштан кийинки мезгилде жүздөгөн, кээде миңдеген адамдарды бириктирген ири уюмдар пайда болгон[1].

1958-жылы полиция якудзанын санын 70 миң адам деп бааласа, 1963-жылы 5,2 миң кылмыштуу топторду бириктирген 184 миң адам деп көрсөткөн. 1982-жылы якудзанын саны 103,3 миң адамды (2,4 миңден ашык топ), 1988-жылы 86,3 миң адамды (3,2 миң топ) түзгөн[1].

1990-жылдардын башында якудзанын мүчөлөрүнүн саны 90 миңден ашкан. Антимафиялык мыйзам кабыл алынгандан кийин бул көрсөткүч бир нече жыл ичинде 79,3 миңге чейин азайган. 2002-жылдагы маалымат боюнча полиция 85,3 миң якудза мүчөсүн каттаган, 2005-жылы — болжол менен 87 миң, 2007-жылы — дээрлик 85 миң, ал эми 2008-жылы башкы полиция башкармалыгы 82 миңден ашуун топтун мүчөлөрүн каттоого алган. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Жапонияда 2,5 миңдей топко (үй-бүлөгө) бириккен 110 миңге жакын активдүү якудза мүчөсү бар. Якудзанын көп санда болушуна жапон коомунун иерархиялык түзүлүшү да өбөлгө түзөт, анткени кылмыштуу топтор толук кандуу үй-бүлөсү же туруктуу жумушу жок адамдар үчүн «акыркы учурдагы баш паанек берүүчү уюм» сыяктуу социалдык функцияны аткарат[1].

Катакана менен жазылган Якудза сөзү

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Якудза» термини карта оюнчуларынын арасында болгон бакуто топторунан келип чыккан. Бул аталыш ойтё-кабу оюнундагы айкалыштардын биринен алынган: «я» — сегиз, «ку» — тогуз, «дза» — үч сөзүнүн өзгөртүлгөн формасы[2]. Жыйынтыгындагу сумма жыйырма санын берет — бул аталган оюндагы эң жаман комбинация (ал «чочко» деп да аталат). Алгач «якудза» деген сөз «пайдасыз нерсе», кийинчерээк «пайдасыз адам» деген маанини билдирген[3]. Бакуто коомдон четтетилгендер жана ийгиликсиздер катары кабыл алынгандыктан, өздөрүн да утулуштуу карталык айкалыш менен салыштырышкан. Кийинчерээк «якудза» аталышы бакуто менен чектелбестен, бардык жапон уюшкан кылмыштуу топторуна карата колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин «борёкудан» термини менен катар пайдаланылып келет. Айрым криминологдор «борёкудан» сөзүн «кески топ» же «топ» маанисинде колдонуп, «якудза» деп ошол борёкудандын мүчөлөрүн, башкача айтканда, уюшкан топко кирген адамдарды түшүнүшөт. Башка адистер болсо «борёкудан» менен «якудза» терминдерин синоним катары, «кески топ» маанисинде колдонушат[3].

Якудзанын түзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Якудзанын иерархиясындагы негизги фигура — оябун («башчы») же кумитё («улук жетекчи», «жогорку башчы»). Анын түздөн-түз карамагында сайко-комон же камбу-ацукай («администратор» же «улук кеңешчи»), санро-кай («улук кеңешчилер тобу»), сохомбутё («штаб башчысы») жана төмөнкү деңгээлдеги негизги бөлүмдөрдүн жетекчилери турат: вакагасира («улук лейтенант» же «аймактык башчы», бир региондогу бир нече кылмыштуу топторду көзөмөлдөйт) жана сятэйгасира («кенже лейтенант»)[4].

Сайко-комондун алдында сингииндер (юридикалык кеңешчилер) жана кайкэйлер (бухгалтерлер) иштешет. Ал эми вакагасира менен сятэйгасирага ар кандай деңгээлдеги командирлер (кёдай, сятэй, вакасю), катардагы кескилер (дэката же кобун), жаңы кабыл алынгандар (куми-ин) жана шакирттер (сансита) баш ийишет. Мындан тышкары, вакагасиранын жана сятэйгасиранын жардамчылары бар: берилген тапшырмаларына жараша фуку-хомбутё (бир нече өз алдынча топторго жооп берет) жана сятэйгасира-хоса[4].

Көбүнчө борёкуданга коомдун төмөнкү катмарынан чыккан, криминалдык тарыхы бар адамдар киришет (көпчүлүгү байкердик босодзоку топторунан тартылат). Алардын орточо жашы — болжол менен 20 жаш. Топтун же анын бөлүмүнүн көзөмөлүндөгү аймак «якудза-сима» («якудзанын аралы») деп аталат. Топтор бул аймактан тышкары жакка адатта кирешелүү «сунуштама» болгондо же атаандаш топтор менен кагылышуу максатында гана чыгышат[5][4].

Борёкудандын 90% бакуто, тэкия жана гурэнтай түзөт. Бакуто топторунда беш макамдык, ролдук функция бар (мурда тогуз болгон): оябун, жогорку жана төмөнкү штабдар, катардагы мүчөлөр жана шакирттер. «Ата-уул» мамилелеринен тышкары, бакуто ичинде бир рангдагы «бир туугандык» байланыштар кеңири таралган. Тэкия топторунда төрт ролдук функция бар (мурда беш болгон): оябун, жогорку штаб, катардагы мүчөлөр жана шакирттер. Тэкиянын ичинде феодалдык белгилер эң жакшы сакталып калган: «өмүр бою иштөө» системасынын таасири күчтүү жана горизонталдык «бир туугандык» байланыштар өтө бекем (тэкия бүткүл өлкө боюнча «бир туугандар» менен байланыш кармайт). Гурэнтай топтору болсо азыраак ынтымактуу жана туруксуз болуп, негизинен «бир туугандык» мамилелерге таянат; бирок бакуто жана тэкиядан айырмаланып, бул топтордо төмөнкү рангдарды көзөмөлдөө көбүнчө мажбурлоо принциптерине негизделет[6][7].

Көпчүлүк топтордо оябун түздөн-түз сыйлоо же жазалоо функцияларын аткарбайт. Якудзаданын жогорку даражадагы мүчөлөрү катардагы якудзаларга белгилүү бир аймакты пайдаланууга берет, ал эми алар ошол аймактан түшкөн кирешенин белгилүү бир пайызын жогору жакка өткөрүп турушат. Аймактык кылмыштуу топтор жалпы жапондук синдикаттарга биригет жана алардын ортосунда тийиштүү баш ийүү системасы түзүлөт. Айрым учурда мамилелер союздаштык негизде, айрым учурда иерархиялык пирамида түрүндө курулат. Мисалы, Ямагути-гуми — бир башчы эбегейсиз бийликке ээ болгон типтүү криминалдык пирамида болсо, Сумиёси-кай — кылмыштуу үй-бүлөлөрдүн федерациясы болуп саналат. Ири синдикаттар (шайланган оябун же башчылар кеңеши) төмөнкү бардык түзүмдөрдү түздөн-түз көзөмөлдөбөйт, алар өздөрүнөн бир баскыч төмөн турган топторго гана көзөмөл жүргүзөт. Синдикаттын калыптанышында «бир туугандык» байланыштар чоң роль ойнойт, 1990-жылдары борёкудандын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси «бир туугандык» мамиледе болгон[7].

Якудзанын ири топтору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапониядагы якудзанын эң ири жана таасирдүү синдикаттары — Ямагути-гуми, Сумиёси-кай жана Инагава-кай. Бул «чоң үчүлүккө» жапон уюшкан кылмыштуулугунун 70% ашык мүчөлөрү кирет, анын ичинен болжол менен 45% Ямагути-гумиге туура келет. 2007-жылга карата Кобэ шаарында жайгашкан Ямагути-гуми синдикаты 20 миң расмий мүчөгө ээ болуп, 99 биригишкен топту бириктирген. Токио шаарында башка эки Сумиёси-кай (6 миң мүчө) жана Инагава-кай (5 миң мүчө) синдикаттары жайгашкан

Башка маалыматтар боюнча, Ямагути-гуминин мүчөлөрүнүн саны 944 топтун курамында 26 миңден ашкан (айрым эсептерде 35, 37 же 40 миң деп да көрсөтүлөт), Инагава-кайда 8,6 миңден ашык мүчө (башка булактарда — 9,7 миң), ал эми Сумиёси-кайда 7 миңден ашык мүчө болгон (айрым маалыматтарда — 12,3 миң).

1980-жылдардын башында Жапонияда болжол менен 40 мафиялык синдикат бар эле. Алардын ичинен Ямагути-гуми бардык якудзанын 12% бириктирип, 11,8 миң адамды камтыган 543 топту 35 префектурада көзөмөлдөгөн. Андан кийин Сумиёси-кай (же Сумиёси-рэнго) — 104 топ жана 6,7 миңден ашык мүчө, ошондой эле Инагава-кай — 107 топ жана дээрлик 4,7 миң мүчө менен турган.

2016-жылдын аягына карата якудзанын эң ири топтору:

Топтун аталышы
Жайгашкан жери
Башчы
Саны
Ямагути-гуми Кобе Синода Кэнъити 5200
Сумиёси-кай Токио (Минато) Нисигути Сигэо 3100
Кобе Ямагути-гуми Авадзи Иноуэ Кунио 2600
Инагава-кай Токио (Минато) Киёта Дзиро 2500
Мацуба-кай Токио (Тайто) Огино Ёсиро 650
Кёкуто-кай Токио (Тосима) Мацуяма Синъити 590
Додзин-кай Куруме Кобаяси Тэцудзи 540
Кудо-кай Китакюсю Номура Сатоси 420
Кёкурю-кай Окинава Томинага Киёси 360
Намикава-кай Омута Намикава Масахиро 240
Кёсэй-кай Хиросима Мория Ацуму 180
Фукухаку-кай Фукуока Нагаока Торао 150
Соай-кай Итихара Сиидзука Нобуру 140
Адзума-гуми Осака Такимото Хироси 140
Тайсю-кай Тагава Хидака Хироси 130
Айдзу-Котэцу-кай Киото 110
Кёдо-кай Ономити Икэдзава Нодзому 100

Атайын атрибуттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Якудзага мүчө болгон адамдардын маанилүү белгилеринин бири болуп денелерине көп сандагы татуировкалар эсептелет. Бул ооруткан процедура жүздөгөн сааттарды алышы мүмкүн, бирок ал якудзалардын мүнөзүнүн күчүн баса белгилөөгө арналган. Типтүү татуировка сүрөттөрүнө ажыдаарлар, гүлдөр, тоо жана деңиз пейзаждары, ошондой эле кылмыштуу топтордун белгидери кирет. Якудзалардын болжол менен 68% денелеринде татуировкалар бар, бирок акыркы убакта көптөгөн адамдар мафияга таандык экенин жашыруу үчүн аларды өчүрүп салууга өтүштү. Тарыхый жактан алганда, татуировка адамдын ата-эненин жана коомдун көзөмөлүнөн бошотулганын көрсөтүү үчүн жасалган, анткени Конфуцийдин нормаларына ылайык, адамдын денесин ата-энеси берген жана алардын аны «бузууга» укугу жок деп саналган. Андан тышкары, жапон бийлиги татуировка жасоону жапайылык менен байланышкан салт деп эсептеген жана 1872-жылдан 1948-жылга чейин денеге татуировкаларды түшурүүнү мыйзам менен тыюу салган[8][5].

Көптөгөн якудзалар 1950-жылдардагы америкалык кылымышкерлердин жана топтордун стилине жакындыкты сактап калышкан, алар дагы эле жылтырак, тар костюмдарды жана учтуу бут кийимдерди кийип, чачтарын агартуучу каражат менен жасалгалап, Cadillac жана Lincoln сыяктуу чоң америкалык унааларды жактырышат. Бирок, жаштар барган сайын модалуу кийим бренддерине жана Mercedes-Benz же Toyota сыяктуу заманбап люкс унааларга көбүрөөк басым жасоодо[5].

Ката кетирген же туура эмес иштерди жасап уят болгон якудзалар, ошондой эле топтон чыгууну чечкендер, танто жана балка менен манжа бейбелчегин кесүү ырымын үнсүз аткарышат. Былы ырым юбицумэ деп аталат. Адатта сол колдун чыпалагынын бейбелчеги кесилет жана кездемеге оролуп, башчыга күнөөдөн арылуу белгичи катары көрсөтүлөт. Кийинки ката экинчи бейбелчекти кесүүгө алып келет. Кылмыштуу топтор менен байланышын жашыруу үчүн көптөгөн якудзалар кесилген манжаларын протездер менен жашырышат. Мурда, өзгөчө учурларда, күнөөлүү же уятка калган якудзанын мүчөлөрү сеппуку жасашкан, бирок бул ырым азыркы учурда колдонулбайт[9][10].

Якудза топторунун штаб-квартиралары көбүнчө неон белгилери менен кооздолгон жана алардын даректери каталогдордо көрсөтүлгөн. Айрым топ мүчөлөрү атайын белгилерди кийимдерине төш белги катары тагынышат, визиттик карточкаларга же сувенирлерге (открыткаларга, блокнотторго, сааттарга) чапташат. 2013-жылы Ямагучи-гуми өзүнүн журналын чыгара баштаган[11][12].

Якудзанын ири топторунун белгилери (камон)
Ямагути-гуми Сумиёси-кай Мацуба-кай Кёкуто-кай Кудо-кай Асано-гуми Адзума-гуми

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]