Ямасаки Минору

Википедия дан

Ямасаки Минору (1. 12. 1912, Сиэтл - 7. 2. 1986, Блумфилд-Хиллс, Мичиган) - америкалык архитектор, теги япон.

1934-ж. Вашингтон университетин бүтүргөн. Миса ван дер Роэнин, ошондой эле орто кылымдык япон жана индия зодчийлигинин таасиринде чыгармачылыгы калыптанган. 1950-60-ж. имараттардын темир бетондук формаларынын, металл жасалгалардын декоративдик келбети менен айырмаланган неоклассицизмдин жаңыча үлгүсүн түзгөн. Анын долбоору менен Детройттогу «Рейнолдс металс» имараты (1959), Мадриддеги Пикассо мунарасы (1988) курулган. 1971-73-ж. Э. Роттун долбоору боюнча Ямасаки НьюЙорктогу эки Эл аралык соода борборунун 110 кабаттуу мунарасын курган. Анда 20-кылымдагы америкалык неоклассицизмге мүнөздүү тенденциялар ишке ашырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4