Мазмунга өтүү

Янковский Владимир Викторович

Википедия дан

Янковский Владимир Викторович (1926-ж., Саратов ш. - 1980, Фрунзе ш.) - музыка изилдөөчү, композитор.

Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1975). 1957-ж. Кыргызстанга иштөөгө келген. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында педагог, Кыргыз композиторлор союзунун секретары болгон.

Жеке ырчы, хор жана симфониялык оркестр үчүн ыр, эл аспаптар оркестр үчүн кыргыз, орус темаларына увертюра, симфониялык оркестр үчүн «Майрамдык увертюра», Т. Абдумомуновдун «Даттанууга болбойт», Б. Өмүралиевдин «Унутулгус күндөр» ж. б. спектаклдерге музыка жазган.

Музыка изилдөөчү катары Б. Алагушов менен биргелешип «Кыргыз искусствосунун тарыхы», «СССР элдеринин музыкасынын тарыхы» аттуу томдордун 3,4, 5-томдоруна Кыргыз Республикасынын музыкасы боюнча макалаларды, жергиликтүү газета-журналдарга макалаларды жазган.

«Эмгектеги артыкчылык» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин .Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.