Мазмунга өтүү

Ярушевский Георгий Александрович

Википедия — ачык энциклопедия

Ярушевский Георгий Александрович (1930ж. т., Өзбекстан ССРи, Самарканд ш.) - геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1980).

Орто Азия политехника институтун бүткөн (1953). Айдаркен геологиялык чалгындоо партияларынын тобунда коллектор, геолог (1950-60), Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын партияларында геолог, партиянын начальниги, экспедидиянын башкы геологу (1960-70), Түндүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын башкы геологу (1970-86), улук геологу (1986-жылдан). Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1963). «Кенди биринчи ачуучу» наамынын ээси.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4