Яунде (эл)
| Яунде | |
| Яунде шаарындагы улуттук искусство жана маданият фестивалдын катышуучусу | |
| Мамлекеттер жана аймактар | |
|---|---|
| Тили |
евондо |
| Дини |
Жергиликтүү салттуу ишенимдери, |
| Расалык тиби | |
| Кирет | |
| Тууган элдер |
фанг элдери |
Яунде (евонде, евондо, бети) — Камерундагы фанг тобуна кирген эл. Алар Яунде шаарынын аймактарында жана Ньонг дарыясынын орто агымында жашашат.
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сүйлөгөн тили же диалекти — евондо[2]. Ал тил же диалект банту уясынын курамына кирет.
Француз тилин билишет.
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдер (ата-бабаларга сыйынуу, анимизм) карманышат. Калгандары христиандар (католиктер, протестантар).
Чарбалык иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (таруу, жүгөрү, ямс, маниок, таро) негизги салттуу кесиби болуп саналат. Андан тышкары плантацияларда (банан жана какао) жана өнөр-жай ишканаларда иштешет.
Кол өнөрчүлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдин салттуу кол өнөрү:
- жыгачтан жана пилдин сөөгүнө оюу (тотемдерден үй буюмдарына чейин);
- килем токуу;
- керамикалык буюмдарды жасоо.
Салттуу турак жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айылдар кыйла компакттуу, жолдорго жана дарыяларга жакын жайгашкан.
Турак жай тик бурчтуу формада, чатырлары бийик, ашкан, пальма бутактарынан же камыштан жасалган.