Үйбүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар
Көрүнүш
Үйбүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, үйбүлөнүн талаптагыдай жашоосуна, жашы жете электерди адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзгөн коомдук мамилелерге кол салуучу кылмыштар. Андайларга: аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу, эки же андан көп аял алуу, ата-эненин балдарды багуудан качуусу ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7