Үйбүлө укугу
Көрүнүш
Үйбүлө укугу – КР укугунун салттуу тармактарынын бири. Башкалар сындуу эле, ал өзүнө үйбүлө мыйзамдарын, Ү. у. илимин жана тийиштүү окуу сабагын камтып турат. Ал никеге туруу, никени токтотуу жана аны жараксыз деп табуу шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-эне менен балдардын (асыроочулар менен асырандылардын), үйбүлө мыйзамдарында каралган учурда жана анын чегинде, башка туугандар менен башка жактардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле ата-энелеринин кароосунан тышкары калган балдарды үйбүлөдө жайгаштыруу тариздери менен тартибин аныктайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7