Үй-бүлө социологиясы

Википедия дан
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.


Үй-бүлө социологиясы – эски социалдык дисциплиналардын бири. Нике жана үй-бүлө көйгөйү дайыма массалык жана туруктуу кызыгууну жаратып турат. Үй-бүлө институту ар дайым социологиянын көңүл борборунда турат.
Үй-бүлө ар дайым эки жактуу мүнөзгө ээ: бир жагынан – социалдык институт, экинчи жагынан – өзүнүн мыйзамдары боюнча өнүккөн жана функционалдашкан кичи топ. Ал саясий катардагы экономикалык, социалдык, диний жана башка катыштардагы коомго көз каранды.
Ошентип, үй-бүлөнүн коом менен жана башка социалдык институттар менен катышуу көйгөйү, ошондой эле үй-бүлөнүн жана инсандын өз ара катышы адам цивилизациясында дайыма болуп келген, жана ошондуктан ар дайым үй-бүлөнүн социалдык абалына маани берүү аракеттери болуп турган. Социологияда социалдык дүйнөнү жеке жана коомдук өз ара катыш аркылуу окуп билүүгө болгон анын өзгөчө мамилеси менен бул маани берүү үй-бүлөлүк ортомчулуктун призмасы аркылуу ишке ашат: социалдык системанын инсандын аракеттерине болгон сезгичтиги, жана тескерисинче, коомдун кызыкчылыгына болгон жекеликтер алардын үй-бүлөнүн керектөөлөрүн бир бүтүн катары эки жакты бирдей эсепке алышынан коз каранды турат.Үй-бүлөнүн ортомчулук ролун изилдөө үй-бүлөнү изилдөөгө болгон социалдык мамиленин өзгөчөлүгүн да пайда кылат. Үй-бүлөнү окуп билүүнүн негизги социологиялык аспекттери Үй-бүлө татаал социалдык түзүлүштү билдирет, ошондуктан көп кырдуу: бир жагынан, социалдык институт түшүнүгү үй-бүлөнүн маанисин башка социалдык институттар жана өзгөрүүнүн, өнүгүүнүн, моделдештирүүнүн социалдык процесстери менен биргеликте ачып берет; экинчи жагынан, үй-бүлөнү кичи социалдык топ катары түшүнүү калыптануунун, функционалдоонун жана автономдук бүтүндүк катары үй-бүлөнүн бузулушунун мыйзам ченемдерине багытталган. Институт катары жана топ катары үй-бүлөнүн өзгөчөлүктөрүн чектөө ортомчу ролдорду ишке ашырууну анализдөөнүн макро – жана микро деңгээлинде кароого мүмкүндүк берет. Бирок бул предметти эки эселентүү дегендик эмес – бул ишмердүүлүктүн биримдик талаасынын ар түрдүү аспекттери. Үй-бүлөнү социалдык-психологиялык топ катары изилдөө инсандардын өз ара катышы менен коом - биринчилик, инсан аралык катыштын деңгээлинде каралат. Ушул мамиленин алкагында жүргүзүлгөн үй-бүлөдөгү өз ара катыштардын эмпирикалык изилдөөлөрү ар кандай социалдык жана үй-бүлөлүк абалдардагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара катышына, үй-бүлөлүк жашоону жана топ катары үй-бүлөнүн туруктуулук факторлорун уюштурууга багытталат. Бул салттын бир кыйла өнүгүшүнө Э.Берджесстин үй-бүлөнү “өз ара катыштагы инсандардын биримдиги” катары караган көз карашы да тастыктайт. Үй-бүлөнү социалдык институт катары изилдөө өзүнүн өнүгүүсүндө эволюцияга, үй-бүлөнүн келип чыгуусунун функция областындагы кызыкчылыкка болгон басымынан көрсөттү. Өз кезегинде, үй-бүлөлүк функцияларды таасирдүү аткаруу факторун изилдөөчү институтционалдык-функционалдык мамиле сөзсүз түрдө кантип үй-бүлөлүк жүрүм-турум натыйжаларынын көп түрдүүлүгүнөн үй-бүлөнүн өзгөрүү “макротенденциясы” келип чыгаарын көрүү мүмкүнчүлүгүн берген, үй-бүлөлүк жашоо ишмердүлүктүн микроанализи менен кездешет. Социологияда ар дайым үй бүлөнүн макро – жана микросоциологиясынын ортосундагы “көпүрөчөнү” кайра которуу, үй-бүлөгө болгон мамилелерди институтка болгон мамиле сыяктуу эле топко карай мамиле катары сыйлыгыштыруулар болуп турат. Бул социологиялык мамиленин психологиялык мамиледе сиңип кетүүсү дегендик эмес: сөз, коомдук деңгээлде индивидуалдык жана үй-бүлөлүк жүрум-турумдун социалдык маанилүү натыйжаларын байкоого, а экинчи жагынан үй-бүлө жана инсандык деңгээлде баалуулук багыт алуунун, аныктоолордун, мотивдердин жана аракеттердин социалдык детерминизациялануусун аныктоого мүмкүндүк берген илимий моделдерди түзүү жөнүндө болуп жатат жана, институционалдык жана микротоптук мамиленин интеграция варианттарынын бири болуп үй-бүлөнү система катары анализдөө багытында иш алып баруу болуп саналат. Үй-бүлөнүн туруктуулугу бир эле мезгилде тышкы социомаданияттык таасирлерден жана ички өз ара катыштардан көз каранды. Социалдык феномен катары үй-бүлөнүн маңызы ушул сыяктуу жана көйгөй колдонулган концептуалдык схемаларды жана терминдердин адекваттуулугунда жатат. Эки мамиленин ар биринин бир жактуулугунан жана алардын эклектикалык биригүүлөрүнөн сак болуу керек. Башкача айтканда, нике жана үй-бүлөнүн баалуулук системасынын жана социалдык нормаларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Кеңитилген үй-бүлөнү кармап турган баалуулук системасынын бузулушу бул нуклеардык үй-бүлөдөгү ар кандай тышкы коомдук таасирлерсиз эле калкты кайра жандандыруу жана жаңы муундарды социалдаштыруунун коомдук-маанилүү функцияларын камсыз кылууга жөндөмдүү болгон “өз ара кыйбастыктын” автоматтык түрдө пайда болуусу дегендик эмес. Үй-бүлөнүн аныктамасы Үй-бүлөнүн жөнөкөй жана кеңейтүүчү белгилеринен баштап (мисалы, үй-бүлө – бул бири-бирин жакшы көргөн адамдардын тобу же чогуу жашаган бир уруунун өкүлдөрү) кеңири тизимегине чейинки, үй-бүлөлүк жашоо-ишмердүүлүктүн түрдүү жактарынын үй-бүлө түзүү мамилелери катары бөлүп караган үй-бүлөнүн көптөгөн дефинициялары бар. . Үй-бүлөнү “ата-энелер – балдар” түзөт, а нике болсо аял менен эркек ортосундагы мамилелердин, балдардын төрөлүүсү менен коштолгон чогуу жашоонун жана сексуалдык шериктиктин легитимдүүлүгү болуп саналат. Үй-бүлөнүн маңызын толугу менен түшүнүү үчүн - турак-жай, үй, жеке менчик сыяктуу үй-бүлө мейкиндигине - жана үй-бүлөнүн экономикалык негизине - турмуштун жана керектөөнүн кууш жолунан сырткары турган ата-энелер менен балдардын жалпы үй-бүлөлүк ишмердүүлүгүнө ээ болуу керек. Ошентип, үй-бүлө – бул бирдиктүү жалпы үй-бүлөлүк ишмердүүлүгүнө негизделген, жубайлар жана туугандык түйүнгө байланышкан, жана ошону менен калкты кайра жандандырууну жана үй-бүлөлүк тукумду улантууну, о.э. балдардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун социалдаштырууну ишке ашырган адамдардын тобу.