Үкөк суусу

Википедия дан

Үкөк (Мазар үкөк‘) — Чүй дарыясынын оң куймасы. Узундугу 33 км. Алабынын аянты 315 км2. Тескей Ала-Тоонун түндүк беттеринен башталып, Кочкор өрөөнү менен агат. Алабында майда мөңгүлөр,жалпы аянты 0,02 км2 келген 2 көл бар. Үкөктүн жалпы узундугу 197 км болгон 57 өзөн куят;негизгилери–Чыранбулак (12 км), Аманбетбулак (10 км), Каракүнгөй (30 км). Көп жылдык орточо чыгымы 0,59 м3/сек. Майдан сентябрга чейин ташкындап, октябрь–апрелде тартылат. Июль айында суусу мол болот, орточо чыгымы 1,65 м3/сек. Эң көп чыгымы 3,37 м3/сек, эң азы 0,10 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Үкөктөн 6,0 м3/сек суу өткөрүүгө жөндөмдүү 10 канал, куймасы Кара күнгөйдөн 3,25 м3/сек суу өткөрүүчү 11 канал чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]