Үлүлдүү тоо тектер

Википедия дан

Үлүлдүү тоо тектер - деңиз үлүлдөрүнүн бүтүндөй же талкаланган кабыктарынан пайда болгон акиташ теги.

Курамы негизинен кальциттен (СаС03) түзүлүп, бир аз санда кварц, чопо ж. б. минералдардын аралашмасы кездешет. Литорал жана сублиторал зоналарында пайда болот. Үлүлдүү тоо тектер ачык түстүү (адатта ак, саргыч же боз); борпоң жана морт; майда көңдөйчөлүү, көңдөйлүүлүгү 22-60%; көлөмдүк массасы 11002240 кг/м3; жылуулук өткөргүч коэффициенти 0,29-0,99 em (МК) (0,25-0,85 ккал (с. м.°С)), кысуудагы бекемдик чеги 0,4-28 Мн/м2 (4280 кг/см2). Үлүлдүү тоо тектер - баалуу курулуш материалы. Кыргызстандын бор жана неоген катмарларында кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4