Токтайым Үмөталиева

Википедия дан
Үмөталиева, Токтайым‎»‎ барагынан багытталды)

Үмөталиева, Токтайым (орусча - Уметалиева) – коомдук ишмер, укук коргоочу.

1960-жылы Талас дубанынын Бакай–Ата (мурдагы Ленинполь) ооданындагы Бакай–Ата айылында туулган.

Кыргызстандагы Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы.

Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн.

Токтайым Үмөталиева Борбордук Азия аймагында жумурияттык президенттик шайлоого эки ирээт (2005, 2009-жылдары) катышкан биринчи аял ишмер.

Үй-бүлөлүү, үч кызы бар.

Ал коомдук жана укук коргоочулук иштерден тышкары агартуучулук менен да алектенип, 2000-жылдан тарта балдар жана өспүрүмдөр үчүн “Айданек” гезитин чыгарып келүүдө.