Үмөталиев Жаныбек Асанбекович
Үмөталиев Жаныбек Асанбекович (26. 5. 1943, Аламүдүн району, Кашка-Суу айылы - 30. 5. 2009, Бишкек) - генерал-майор (1986).
Уссури аскердик автомобиль окуу жайын (1964), M. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1975) бүтүргөн. Ташкент шаарындагы взвод аскер бөлүгүндө командири (1964), батарея командиринин орун басары (1965), автокран взводунун командири, механикалаштырылган ротанын командиринин орун басары (1966-70). Кыргыз ССРинин жарандык коргонуу штабынын офицер чалгынчысы, улук офицери (1970-75), Нарын облусунун жарандык коргонуу штабынын башчысы (1975-92), КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик к-ттин төрагасы (1992-93), Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары (199396), КМУда кафедра башчысы (2001-03) болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4