Мазмунга өтүү

Үрүстөм уулу Саит

Википедия — ачык энциклопедия

Үрүстөм уулу Саит Зергер. 1925-ж. Чоң-Алай районундагы Жар-Башы айылында төрөлгөн.

Азыр Дароот-Коргон айылында жашайт. Кыйла жылдары райондук камсыздоо бөлүмүндө эмгектенген. Жети атасы Дүңкөдөн баштап, чоң атасы Элчи, анын атасы Кал, өз атасы Үрүстөм айтылуу усталардан болгон. Атасы Үрүстөм күмүшкө узанган, кийин шартка жараша темир кармаган, кара уста аталган. Ортолук чарбада узанган. Бүлүнгөн-сынган айыл чарба шаймандарың ондоп, аларга тетик жасаган. Жыгач көмүр ордуна көбүнчө таш көмүр үйлөткөн. Саит атасынын устачылык нускасын алган. Саит сынган темирлерди карматууга өзүнчө кепшер кылуу үчүн ак калай (олобо) менен букары күмүштү белгилүү өлчөмдө кошуп, данакер сээп эритет. Ошондо өзүнчө катуу бир ак зат пайда болот. Аны майдалап туруп, ага дагы данакер кошуп, кичине нымдап, сынган же жарака кеткен жерге данакер сүртүп, үйлөмө көрүк менен аны кармаганда жылт-жылт эрийт. Эригенде суу себет. Ошондо данакер бекем кармайт. Тез кепшерде сары жез данакер менен бирге жасалат. Саит Алай, Чоң-Алай тараптагы оозго алар зергер катары кыз-келиндердин жасалгаларынын теңинен көбүнө узанат. Анын жекече ыкмасында темирге күмүштү жалатуу, күмүштү согуу-сомдоо, күмүштүн бетин чегүү (чапкылоо) аркылуу оюм-сай түшүрүү өңдүүлөрү башка зергерлерден айырмаланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0