Үсөйүн ажы

Википедия дан

Үсөйүн-ажы - Кытайда туулуп өскөн, ошол жерде жашаган кыргыз санжырачысы, илим изилдөөчүсү. Ал 1916-жылы Ак-Чийдеги Карачий айылында туулган. 1924-1933-жылдарда Ак-Чий, Артыштагы мектептерде окуган. 1962 — 1965-жылдары Пекиндеги борбордук ислам диний изилдөө институтунда окуп билим алган. Ал Кытайдагы бир нече коомдук, диний уюмдардын мүчөсү болуу менен бирге Синъцзяндагы кыргыз тарых-адабиятын изилдөө коомунун мүчөсү. Үсөйүн-ажы билимин дагы өркүндөтүү үчүн Египет, Тунис, Кувейт, Сомали сыяктуу мамлекеттерде жүрүп кытайча, арапча, фарсча, түркчө окуп-жазууну өздөштүргөн. Анын «Кыргыз санжырасы» деген китеби 1989-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу басмасынан чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]