Үсөнбеков Калыйнур

Википедия дан
Үсөнбеков, Калыйнур‎»‎ барагынан багытталды)
Үсөнбеков Калыйнур

Үсөнбеков Калыйнур (1921-ж. т., Түп району, Ой-Булак айылы- 2003, Бишкек) — Советтик Союзунун Баатыры (1945), генерал-лейтенант (1985).
1941-ж. Каракол педагогикалык окуу жайын бүтүп, Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1942-ж. мартта армияга чакырылып, ошол эле жылы кенже лейтенанттардын курсун бүткөн. Согушка 1942-ж. ноябрдан кирген.
1945-ж. 12-февралда Одер боюндагы салгылашта Үсөнбеков жоокерлерди чабуулга баштап, анын ийгилигин камсыз кылган. Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин, 9 танкасынын чабуулун 14 саат токтоткон, өзү 60 фашистти өлтүрүп, көбүн жарадар кылган. 14-февралдагы бетме-бет салгылашта жалгыз өзү 7 фашистти жок кылып, экөөнү туткундаган.
Согуштан кийин армияда кызматын уланткан.
1951-ж. Аскер-укук академиясын бүткөн.
1951—53-ж. аскер прокуратурасында иштеген.
1953-ж. Кыргыз ССР прокуроруна биринчи орун басар.
1960-ж. Кыргыз ССР ички иштер министрлигинде жооптуу кызматта.
1968—87-ж. Кыргыз ССР ДОСААФ БКсынын төрагасы. 1986-жылдан отставкада.
1987-жылдан Кыргызстан аскер жана эмгек ардагерлер советинин төрагасы.

Калыйнур Үсөнбеков жана Жумагүл Мусаева

Үсөнбеков Ленин, Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Кыргыз жана орус тилиндеги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйык милдетти аткарып. — Фр.: 1985;
Путь к вершине. — М.: 1989;
От кечкен күндөр. — Б.: 1990;
Аскер иши боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү (Б. Абылгазиев жана Ы. Кадыров менен авторлош). — Фр.: 1986.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.