Үсөнова Заары
Үсөнова Заары Куракчы, саймачы, килемчи, өрмөкчү. 1956-ж. Кадамжай районундагы Тамаша айылында төрөлгөн.
Оштогу технологиялык техникумду бүтүргөн. «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучу чебери. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Уздук нусканы апасы Турдубай кызы Турдудан, таенеси Ырысбүбүдөн алган. Заарынын балышындагы беш үйлүү кунаба курагынын тегереги «чымын канат көчөтүнөн» берилип, анда жети элемент бир «үзүлдү» (оюм көчөт) түзүп, алардын араларын (көз) төрт бурчтук бөлүп турат. Анын татаал курактарында төрт үйдүн (табакча) ар биринде дагы төрт үй пайда болуп, ар бири өзүнчө табакчаны түзөт. Төрт кара-актан ал каттама курактын өзөгү кызылдан берилет. «Кош чымыя канат көчөтү» же «каркыра көчөтүнөн» турган анын жээктери актан алынышы салттуулукту билгизет. Заарынын балыш (жаздык) саймалары төрт табакчадан берилет. Анын ар биринин короологон сегиз кайкалагы (кочкор мүйүз) ичинен «кош кайкалак көчөттөрү», «карга тырмак көчөтү» аркылуу биригип, алар ак түстүү кызыл жээк менен курчалып, төрт ошондой көчөттөр биригип, аралары аламончоктолуп бир табакчаны түзөт. Кийиз жердикке сайманын «илме дос сайма», «басма сайма», «илме сайма» өңдүү түрлөрүн такай кармаган уз килем токуйт, өрмөк согуп, шалча жасайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Балыш жаздыктары жана сайма текчеси үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Сайма үлгүлөрү менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0