Мазмунга өтүү

Үтрехт

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Үтрехт
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөНидерланд
Координаттар52°23′ с. ш. 4°54′ в. д.HGЯO
БургомистрШарон Дейксма (PvdA)
Тарыхы жана Географиясы
Аянты99,32 км² км²
Калкы
Расмий тилиНидерланд
Калкы↗359 370[1] (2021) адам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+31 30
Почта индекстери3500-3585

Үтрехт (нид. Utrecht) – Нидерланддын борборундагы шаар, Үтрехт провинциясынын административдик борбору. Үтрехт – Нидерланддын ири темир жол түйүнү. 360 миң калкы менен Үтрехт – Амстердам, Роттердам жана Гаагадан кийинки Нидерланддын төртүнчү ири шаары[1]. Үтрехт – Ранстад конурбациясына кирет.

Шаардын экономикасынын негизин банк-финансы, бизнес кызматы, тейлөө чөйрөсү (соода, транспорт) түзөт. Машина куруу, химиялык, тамеки, текстиль (11-кылымдан) ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ (а. и. университет; 17-к.), борбордук музей бар. Синт-Питерскерк базиликасы (11-14-к.), Домкерн собору (11-16-к.) сакталган. Шаардын 14-16к-га таандык турак-жайлары 2000-ж. Бүткүл дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Total population of Utrecht from 2009 to 2023, Statista Research Department, 2025 https://www.statista.com/statistics/753260/total-population-of-utrecht/?srsltid=AfmBOorpUp3Muo10ruGrGVQxFsrtgYsoV-2zR4w2bFFAFuHPb1U_3WVo